Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын утилизациялоо заводуна капсула салуу аземи өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, кытайлык «Hunan Junxin Environmental Protection Co., Ltd.» компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы урматтуу Дай Даого, ошондой эле шаар тургундары жана ар кандай мекемелердин жетекчилери катышты.
Долбоорду ишке киргизүүнүн алгачкы кадамдары 2023-жылы меморандумга кол коюу менен башталган. Ал эми 2025-жылдын 3-мартында тараптар долбоорду ишке ашыруу боюнча расмий келишимге кол коюшуп, бүгүн заводдун курулушу расмий түрдө башталды.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин айтымында, бул долбоор шаар келечеги үчүн стратегиялык мааниге ээ болуп, инфраструктураны жаңылоого жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого багытталган. Биринчи этапта күнүнө 850 тонна таштандыны кайра иштетип, саатына 30 мегаватт электр энергиясын өндүрө ала турган электростанция курулат.
Кийинки этаптарда кыш мезгилинде көп кабаттуу үйлөрдү жылытуу үчүн жылуулук электр станциясын, ошондой эле кубаттуулугу 300 мегаватт болгон күн электр станциясын куруу пландалган.